Межелайтис Эдуардас Беньяминович

Википедия дан

Межелайтис Эдуардас Беньяминович (3. 10. 1919, Шауляй уезди, Карейвишкис кыштагы – 6. 6. 1997, Вильнюс) – литва акыны, Литва ССРинин эл акыны (1974). Социалисттик Эмгеги Баатыры (1974). 1939–40-жылдары Каунас жана Вильнюс университеттеринде окуган. 1943-жылдан аскер кабарчысы болгон. 1954–59-жылдары Литва жазуучулар союзунун секретары, 1959–70-жылдары төрагасы. 1975–89-жылдары Литва ССР Жогорку Советинин төрагасы. Чыгармалары 1935-жылдан жарыялана баштаган. «Лирика» (1943), «Мекендин шамалы» (1946) аттуу алгачкы жыйнактары менен лирик акын катары таанылган. «Чоочун таштар» (1957), «Жылдыздардын этегинде» (1959), «Янтардагы күн» (1961), «Автопортрет. Авиаэскиздер» (1962), «Түштүк панорамасы» (1963) аттуу ыр жыйнактарында турмушту аңдап билүүсүн тереңдетип, көркөм каражаттардын көп кырдуулугуна жетишкен, философиялык ой жүгүртүүсү такшалып, замандаштарынын образын элестүү тарткан. Анын 1960-жылдардагы лирикасында доор адамынын идеалы, ой-тилеги, поэтикалык концепциясы чагылдырылган. «Адам» (1961; Лениндик сыйлыгы, 1962) ыр жыйнагынын чыгышы Межелейтистин чыгармачылыгындагы жана бүткүл советтик поэзиядагы маанилүү окуя болгон. Мында адамдын улуулугу, ар тараптуу жаратман кудурети, көсөмдүгү зор поэтикалык толкундануу менен берилген. «Лирикалык этюддар» (1964), «Нан жана сөз» (1965) публицистикалык ыр жыйнактарында жаш чагы жана литва адабиятынын салттары, анын келечек милдеттери жагдайында ой жүгүрткөн. Ал А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Шевченко, С. Я. Маршак ж. б. акындардын ырларын литва тилине которгон. Ж. Неру атындагы сыйлыгынын лауреаты (1969). 2 Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]