Мезгилдүү бөлчөк

Википедия дан

Мезгилдүү бөлчөк – белгилүү цифралар бөлчөктүн кандайдыр орунунан кийин мезгилдүү кайталануучу чексиз ондук бөлчөк. Мисалы, 2,7171 ..., 1,31818... Аны төмөнкүчө жазууга болот: 1,3(18), б. а. мезгил кашаага алынат. Тиешелүү түрдө 2 бүтүн мезгилинде 71; 1 бүтүн ондон үч мезгилинде 18 деп окулат. Мезгили үтүрдөн кийин башталса, таза мезгилдүү бөлчөк, ал эми үтүрдөн кийин мезгилдин алдына кандайдыр башка цифралар жайгашса, аралаш мезгилдүү бөлчөк деп аталат. Ар кандай рационалдуу сандарды ондук бөлчөктөргө айландырууда, чектүү бөлчөктү же мезгилдүү бөлчөктү пайда кылат. Ар кандай мезгилдүү бөлчөктү жөнөкөй бөлчөккө да айландырууга болот. Мезгили (9) болгон мезгилдүү ондук бөлчөктү мезгили (0) болгон мезгилдүү ондук бөлчөк түрүндө жана тескерисинче жазууга болот. Мисалы, 0,2(9)=0,3(0). Мезгили (9) жана (0) болгон мезгилдүү ондук бөлчөктөр кадимки ондук бөлчөктөрдү берет: 3,4(9)=3,5; 5,448000...=5,48.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]