Мезгилдүү функция

Википедия дан

Мезгилдүү функция – функциянын мезгили деп аталган нөлгө барабар эмес белгилүү санды аргументине кошкондо мааниси өзгөрбөгөн функция. Мисалы, sinx жана cosx мезгили 2,[[Image:]] tgx мезгили [[Image:]] болгон мезгилдүү функция болуп саналат. Эки мезгилдүү функциянын суммасы жана айырмасы кайрадан мезгилдүү функция болот. Демек, каалаган мезгилге эселүү сан кайрадан мезгил болгондуктан, ар бир мезгилдүү функция чексиз көп мезгилге ээ. Бир эле мезгилге ээ болгон мындай функциялардын суммасы, көбөйтүндүсү, тийиндиси, туундусу – ошол мезгилдеги мезгилдүү функция. Ал термелүү теориясында жана математикалык физикада колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]