Мезосфера
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/ky/thumb/d/d3/Atmosphere_layers-ru_ky.svg/170px-Atmosphere_layers-ru_ky.svg.png)
Мезосфера (мезо… жана грекче spfira – шар) – атмосферанын ортонку катмары. Стратосферанын үстүнөн орун алган 50 кмден 80–85 кмге бийикте. Улам бийиктеген сайын температура төмөндөйт. Үстүнкү чегинде –70... –130°Ска (орточо –90°С) жетет. Физикалык касиеттери (температура, басым ж. б.) метеорологиялык ракетага орнотулган аспаптар менен аныкталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7