Мазмунга өтүү

Мезофиттер

Википедия дан

Мезофиттер (мезо... жана грекче phytjn – өсүмдүк) – топуракта, абада ным жетиштүү (ашык эмес) учурда өсүүчү, б.а. ксерофиттер менен гидрофиттердин ортосундагы өсүмдүктөр тобу. Алар мелүүн алкакта, тропик жана субтропик токойлордо өсөт. Мелүүн алкакта өсүүчү мезофиттерге жалбырагы күбүлмө дарактар жана бадалдар, шалбаада (уй беде, ат конок ж. б.) жана токойдо (мончок гүл ж. б.) өсүүчү көпчүлүк чөптөр, ошондой эле айрым учурда боздоң жана чөлдө эрте жазда өсүүчү көп жана бир жылдык өсүмдүктөр (эфемерлер), көпчүлүк айыл чарба өсүмдүктөрү (буудай, сулу, кант кызылча, соя, буурчак ж. б.), отоо чөптөр жана мөмө бактар (мисте, бадам, жүзүмдөн башкалары) кирет. Боздоң, шалбаа жана чөлдө өсүүчү мезофиттер – жарыкчыл; токой, бадал арасында өскөндөрү көлөкөчүл өсүмдүктөргө мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]