Мейерхольд Всеволод Эмильевич
Мейерхольд Всеволод Эмильевич (Карл Казимир Теодор Майергольд) [28. 01 (9.02). 1874, Пенза – 2. 02. 1940, Москва] – советтик режиссёр жана актёр, Республиканын эл артисти (1923). Москва филармония коомунун музыкалык драма окуу жайын бүтүрүп, 1898–1902-жылдары Москва көркөм театрында актёр болуп иштеген. 1902–06-жылдары «Жаңы драма театры» труппасынын актёру жана режиссёру. Ушул мезгилде Мейерхольд символизмдин поэтикасына байланыштуу шарттуу-эстетикалык театрдын программасын көтөрүп чыгат. 1917-жылы саясий-агитациячыл театр уюштуруу идеясын көтөргөн. Херсон, Николаев, Петербург ж. б. шаарда актёр жана режиссёр 1920–38-жылдары Москва театрын (Мейерхольд атындагы театр) жетектеген. Мейерхольд мамлекеттик Жогорку режиссёрдук (кийинчерээк театрдык) өнөрканаларды уюштурган, ал жерден актёрлор тобу үчүн жаңы – биомеханика ыкмасын иштеп чыккан. В. В. Маяковскийдин «Мистерия-Буфф» (1921), «Кантала» (1929) жана «Мончо» (1930), Н. Р. Эрдмандын «Мандат» (1925), А. Н. Островскийдин «Токой» (1924), Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү» (1926); А. С. Грибоедовдун «Акылдын азабы» (1928), А. Дюманын (уулу) «Камелия кармаган аял» (1934) ж. б. спектаклдерди койгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7