Мейиз

Википедия дан

Жүзүмгак[1] же мейиз – кургатылган жүзүм. Ал уруксуз (кишмиш) жана уруктуу, жемиши ири, кабыгы жука, 20%тен кем эмес канты бар жүзүм сортторунан (ак кишмиш, кара кишмиш, нимранг, ризамат ж. б.) даярдалат. Жүзүм шиңгили менен (20–30 күн) кургатылат же атайын щелочтун (0,2– 0,4%түү) ысык эритмесинде бир нече секунда кармап, анан 7–10 күн же щелочтун эритмесине салгандан кийин күкүрттүү газ менен ыштап (1–1,5 с), анан көлөкөдө төрт тарабында тешиктери бар желдетилүүчү жайда 4–8 жума кургатылат. Жүзүм сортуна, даярдоо жана кургатуу ыкмасына карата мейиз бидана, сабза, саяки, шигани, гармиан, авлон болуп айырмаланат. Мейизде (кургак затына карай) 80–85% кант, 0,5–3% органикалык кислоталар, 2,3% азоттуу заттар ж. б. болот. Мейиз кондитер жана нан бышыруу өнөр жайында жана тамак-ашка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Жүзүм + как = жүзүмгак