Мейкиндик убакыт метрикасы

Википедия дан

Мейкиндик убакыт метрикасы - үч өлчөмдүү мейкиндикти жана убакытты бириктирүүчү төрт өлчөмдүү мейкиндик-убакыттын касиетин аныктаган салыштырмалуулук теориясындагы негизги закон.

Мейкиндик убакыт метрикасы эсептөө системасына көз каранды болбогон закондорду баяндоонун (формулировкалоонун) негизин түзөт. Ал эсептөө системасынын өзгөрүшүно карата инварианттуу болгон чоңдуктун конкреттүү эсептөө системасындагы туюнтмасы менен байланыштырган теңдеме аркылуу аныкталат.

Бул теңдеме эсептөө система­сынын өзгорүшүндөгү координаттарды кайра өзгөртүү законун белгилейт. Төрт өлчөмдүү мейкиндиктин геометриялык касиети анда жайгашкан материяга көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.