Мекери

Википедия дан

Мекери (Горец змеинный), (лат. Polygonum bistorty) - көп жылдык жапайы өсүмдүк. Бийик тоолуу жайлоолордо өсөт.

Кеч бышат. Медицинада тамырын таңып дарылыкка колдонгон. Өңү козу кулак өңдүү, жалбырагы кычкыл, жалгыз сабак, ак баш гүл ачат. Бийиктиги 50-60 см.

Июль-августта жетилет, тамыры күрөң, даамы кычкыл, анча чоң эмес. Эл ичинде «мекери бышканда жылкынын соорусу жарыла семирет» - деп айтылат.

Дарылыгы: ички органдар сезгенгенде, 12 эли ичегинин жарасына, геморройго, нерв оорусуна, ошондой эле өт, аш казандын кычкылтегинин аздыгына чоң жардам берет.

Даярдалышы: тамырын, данын кургатып, күкүмдөй кылып майдалап колдонулат. 1 л сууга 3 чоң аш кашык кошуп, 5-7 мүнөт жай күйгөн отко кайнатып, 3 маал 150-200 г тамактанаардын алдында ичилет. Бул бир күндүк норма. 15-25 күн ичип, 10 күн эс алуу керек. Анан кайрадан кайталаса болот.

Ошондой эле 12 эли ичеги жарасына 80 г таза балга 300 г күкүм, 10 г прополисти (майдалап) кошуп, 10 күн коюп, андан кийин ачкарын же жатаарда ичсе болот. Муну 10-15 күн же жара айыкканга чейин колдонсо болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9