Мектепке чейинки курак

Википедия дан
Бакчадагы балдар

Дене түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепке чейинки балдар — Зтөн 7 жашка чейинки балдардын өсүү мезгили. Бул убакта баланын күчү жана акыл-эси өсүп, өркүндөйт. Ал эркин кыймылдап, сүйлөөсү, ой жүгүртүүсү, элестетүүсү байып, ар түрдүү боло баштайт. Бул мезгилде баланын бою бир калыпта өспөйт, адегенде жылына 4 — 6 см, 6—7 жашында 7 —10 смден өсөт. Орточо эсеп менен жылына баланын бою 5 смге өсөт деп эсептөө туура. Ошентип, мектепке чейинки балдар дын өсүүсүн болжол менен төмөнкү формула боюнча эсептөөгө болот: бир жаштагы баланын бою (5 см х n), мындагы n — баланын жашы. Эгер баланын бир жашындагы бою белгисиз болсо, болжол менен 75 см деп алса болот.
Салмакты да бир калыпта кошпойт, орто эсеп менен жылына 2 кг кошот. Мындан баланын салмагын болжол менен төмөнкү формула боюнча эсептеп алууга болот: баланын бир жашындагы салмагы + (2 кг х n), n — баланын жашы. Эгер баланын бир жаштагы салмагы белгисиз болсо болжол менен 10 кг деп алынат. 6—7 жашында бала бир жаштагы салмагынан эки эсё оор болууга тийиш. Бул мезгилде тери калыңдап, чоюлгучтугу артат, кан тамырлар азаят, теринин тышкы чөйрөнүн таасирине чыдамдуулугу артат.
5—6 жашында баланын омурткаларынын формасы чоң кишиникине окшошот. Бирок скелет сөөктөрү анча катпай, кемирчектүү болот. Бала көп кыймылдап, булчуң системасы тез өсөт. Бул учурда баланын туура отуруп-туруусуна, кыймылына жана оюнуна көз салуу зарыл. Баланын төшөгү өтө жумшак, өңгүл-дөңгүл болбой, аны өзүнчө жаткырып үйрөтүү оң. Бул мезгилде күч эмгегине баланы акырындык менен кылдат үйрөтүү керек. Мектеп жашына жакындаганда дем алуу органдары калыптанып бүтөт, дем алуу булчуңдары жана өпкө ткандары өсөт. Дем алуусу тереңдейт жана сейректей баштайт. Жүрөк-кан тамыр системасы да кыйла өсөт. Жүрөктүн салмагы жана жыйрылуу күчү чоңоёт, күч келүүгө чыдамдуу боло баштайт. Формасы жана жайгашуусу чоң кишиникиндей болот. Нерв-психикалык өнүгүүсү да кыйла деңгээлге жетет. Баланын жүрүм-туруму бир топ калыптанат. Сөз байлыгы акырындап көбөйөт. Татаал сүйлөмдөрдү түзө алат; чоңдордун китеп окуп бергенин каалайт; ырды тез жаттайт, көргөн билгенин аңгемелеп айтып берет; карандашты туура кармап, буюмдун, айбанаттардын сүрөтүн тарта алат. Өз эмоциясын — кубанычын, кайгыруусун, таарынычын, коркконун жетишерлик билдирет. Бул куракта анын мүнөзү калыптанат, өз жоопкерчилигин сезет. Балдар көбүнчө чоңдорду туурайт, ошондуктан чоң кишилер балага койгон талаптарын өздөрү так аткарууга тийиш.

Тамактануусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепке чейинки балдардын ичеги-карын системасы кыйла өнүгөт. Карын менен ичегиде иштелип чыккан тамак сиңирүү маңызында ферменттер жетишерлик болуп, түрдүү тамак-аштарды сиңирүүгө жардам берет. Эртең мененки жана кечки тамактанууда бала тамактын г суткалык калориясынын 50%ин (эки ирет), түшкү тамактанууда 30— 35%ин, түштөн кийин 15—20%ин алууга тийиш. Балдарга коюу чай, кофе, өткүр тамак-аш берүүгө болбойт. Тамакка пияз, сарымсак, көк-сөк кошсо болот. Күчтүү сорпо, шоколад, торт, пирожный, апельсин, мандаринди көп берүү жарабайт. Балага витамин, белоктор, углеводдор жана башка азык заттар керек, ошондуктан туура тамактандыруу маанилүү. 3 жашынан тартып балдар тамакты өзү иче алат. Ошентсе да тамактануунун күн тартибин так сактоо максатка ылайык; бала ойноп келгенден кийин 30 мин. өткөндө, ал эми уктардан 2 саат мурда тамактандыруу керек. Баланын тамактанууга даярдык көрүүгө катышуусу (өзү колун жууп, стол жасоого жардамдашуу) анын табитин гана ачпастан, жыйнактуулукка, эмгекке тарбиялайт.

Баланы багуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланы туура багуу аны тазалыкка гана үйрөтпөстөн, туура тарбиялоодогу маанилүү факторлордон болуп эсептелет. Баланын бөлмөсү жарык, ыңгайлуу болуп, дайыма желдетилип турушу керек, жайкысын терезе ачык турса да болот, бөлмөнүн температурасы 18 — 20° болууга тийиш. Балага буюмдарын таза кармап, өз бөлмөсүн жыйноого үйрөтүү керек. Баланын келбетине көз салуу зарыл, ал ойноп жатканда, китеп окуп же жазып олтурганда жана башкалар өз боюн туура карап, көзү столдон 30—35 см аралыкта болууга тийиш. Баланын бөлмөсүндөгү мебель анын жашына ылайык келиши зарыл.
Таман жалпактыгын алдын алуу үчүн баланын ушул курагында анча бийик эмес такалуу бут кийим кийүүгө үйрөтүү оң. Мектепке чейинки балдарды өздүк гигиена эрежелерине үйрөтүп, тазалыкка жана тыкандыкка тарбиялоо керек. Бала дайыма колу-бетин жууп, тишин тазалоону жана башкалар билүүгө тийиш. 3—4 жаштагы баланы жумасына экиден кем эмес, 4 — 5 жашында 1 жолу кириндирет.

Күн тартиби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балага күн тартибин түзүп, аны так аткаруу зарыл. Бул баланын туура жана ар тараптан өсүүсүн гана камсыз кылбастан, аны тартипке, өз милдетин сезүүгө үйрөтөт. 6 жашка чейинки баланы күнүнө бир маал уктатуу пайдалуу. Уктатар алдында анын бөлмөсүн желдетүү керек. Дене тарбия. Мектепке чейинки балдардын дене тарбия көнүгүүлөрү чоң кишилердин көрсөтүүсү боюнча туура жана оюн түрүндө жүргүзүлөт. Жайында бала короодо, бактын ичинде, көк чөптө, суук мезгилде желдетилген бөлмөдө форточканы ачып коюп көнүгүүсү дурус. Эркек балдар чолок шым, көйнөк кийип, ал эми кыздар жеңил көйнөкчөн көнүксө ыңгайлуу болот. Көнүгүү кызыктуу жана ар түрдүү болушу үчүн топ, желекче, отургуч, алкакча жана башкалар пайдалануу сунуш кылынат. Көнүгүүнү эртең менен, ошондой эле эртең мененки тамактан же күндүзгү уйкудан кийин жасаса болот. Эгер күндүз ата-эненин убактысы болбосо кечки уйкудан бир саат мурда жасоо керек. Чоңдор бала менен кошо ойносо, ал көнүгүүнү көңүлдөнүп жасайт. Бала көбүнчө кыймылдуу оюндарды жакшы көрөт, ошондуктан оюн түрдүү кырдаалда: отуруп, туруп, жатып, төрт аяктап жасоочу жана башкалар көнүгүүлөрдөн туруусу зарыл. Ар бир көнүгүү бир нече (2—6) ирет кайталанат. Татаал көнүгүүлөрдөн кийин бир аз (30—60 сек.) тыныктыруу керек. Тыныгууну да оюнга айландырууга болот, мисалы, «мамалак уктап калды», «күчүк эс алып отурат» жана башкалар Баланы чарчатып албас үчүн анын жеке мүмкүнчүлүктөрү эске алынат. Дене көнүгүүлөрү баланын ден соолугун гана чыңдабастан, аны чыдамкайлыкка, эрктүүлүккө тарбиялайт. Балдар көп учурда өздөрү оюнду ойлоп таап ойношот, бул учурда аларды тыюуга болбойт, бирок ар бир кыймылына көз салып туруу зарыл. Мындай оюндар пайдалуу гана болбостон, ал баланын өз алдынчалык, демилгелүүлүк, өз күчүнө ишенүү сезимин өстүрөт. Баланы мектепке чейин эле сууда сүзүүгө, коньки, лыжа, чана, велосипед тебүүгө үйрөтүүгө болот.

Денени чыңдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектеп жашына чейинки балдардын ар кандай кыймылды туурап (имитациялык) жасоочу физкультуралык көнүгүүлөрү: 1— «куназ сазда басып баратат» (улам бир бутун тизеден бүгүп өйдө көтөрүү); 2— «бака» (эки тизесин эки жакка коюп, отуруп, колу менен жер таянуу); 3—«самолёт» (колун капталга сунуп, оңго жана солго кыйшаят); 4— «сууда сүзүү» (отургучка отуруп, колун алдыга сунуп, кайра өзүнө тартат); 5—таякчаны жерге түшүрүп, кайра жогору көтөрүү; 6—чалкасынан жатып, бутту жогору көтөрүп, таякчаны бутка жеткирет; 7— «көпөлөк» (колду капталга жайып, көпөлөктүн учканын туурайт); 8— «кайык толкунда чайкалат» (отургучка отуруп, колду капталга сунуп, оңго, солго кыйшаят); 9— «калпакты чечип, кийүү» (алкакты жогору көтөрүп, төмөн түшүрүү); 10— алкакты артына кармап, денесин оңго жана солго буруу; 11— «кайык» (отургучка отуруп, жерде жаткан буюмду бир оң жагынан, бир сол жагына көтөрүү); 12— «кыска жана узун бут» (жерге отуруп бутун бүгүп, жазуу); 13— «аюунун ар кандай кыймылын тууроо», 14— топту алкакка ыргытуу; 15,20— «отун жаруу» (эки колун бириктирип жогору көтөрүп, ылдый түшүрүп, эки бутунун ортосуна өткөрүү); 16— «балык» (көмкөрөсүнөн жатып, эки колун капталга, артка карай жайып, көкүрөгүн жогору көтөрөт); 17— «ушундай бийик терек» (колун жогору көтөрөт), «терек шуулдайт» (колун жогору көтөрүп, оңго, солго ийилет); 18— жерде жаткан нерселерден аттап өтүү; 19— «гүл теребиз» (отурат); 21— тактайдын үстүндө басуу.

Баланын денесин чындоо туура жүргүзүлсө, бала тышкы чөйрөнүн таасирине, башкача айтканда ысык-суукка чыдамкай болуп өсөт, көп оорубайт. Ал үчүн денени чыңдоонун айрым эрежелерин сактоо зарыл: процедуралар баланын жашына ылайык болууга тийиш; баштагандан кийин аны үзбөй, дайыма жана бир убакытта жасоо керек; таасир этүүчү бардык өзгөрүүлөр (температурасы, убактысы, шарты) кылдат жана акырындык менен киргизилет; баланын ден соолугуна дайыма көз салып, врач менен кеңешип туруу зарыл. Эгер бала үшүп калса (чыйрыкса, калтыраса, териси күдүрөйсө, эрди көгөрсө) жумшак сүлгү менен кургата аарчып, жылуу кийиндирип, ысык чай ичирет; ысык өтсө (алы кетсе, башы ооруса, бети албырса, көп тердесе) баланы көлөкө жерге отургузуп, ным сүлгү менен сүртүп же 30 — 36° температурадагы суу менен чайкантуу зарыл. Күн нуру, суу жана таза аба денени чыңдоочу негизги факторлор болуп эсептелет.

Аба менен чыңдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сейилдөө


Таза аба балдар үчүн өтө керек. Айрыкча суукка байымы жок, көп ооруган балдарга пайдалуу. Баланы ашыкча жылуулап, ороп-чулгай берүү зыян. Бала жаткан бөлмөнү кышында 3—4 жолу желдетүү, ал эми жайында терезеси ачык турганы оң. Кышында бала 3— 4 саат, жайында көбүнчө эшикте ойногону жакшы. Баланы жыл мезгилине жана аба ырайына ылайык кийиндирүү керек. Денени аба менен чыңдоо нун маанилүү элементтерине аба жана күн ванналары кирет. Кышында аба ваннасын жакшы желдетилген бөлмөдө жасоого болот. Бөлмөнүн температурасы адегенде 19°тан төмөн эмес, анан 3—4 күндө 1°тан төмөндөтүп олтуруп, 15—16°ка жеткирүү керек.
Убактысы адегенде 5 —10 мин; кийин 30—40 мин. созулат. Чабал балдарды акырындап көндүрөт: адегенде кыска жеңдүү көйнөк 1 жумадан кийин көкүрөгүн жылаңачтап койсо болот жана башкалар. Жайында көлөкө жерде 5— 10 мин., акырындап 2—3 саатка чейин аба ваннасын алуу пайдалуу. Аба ваннасын оюн же дене тарбия көнүгүүлөрү менен коштоп өткөрүүгө болот.

Күн ваннасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күн ваннасын алууда ысык уруудан, күн өтүүдөн, терини күйгүзүп алуудан жана көз оорудан сактануу зарыл. Балага сөзсүз баш кийим кийгизүү керек. Күн ваннасын эртең мененки тамактан 1—2 саат өткөндөн кийин, башкача айтканда саат 10—12де алуу талапка ылайык, Бул кезде абанын температурасы көлөкөдө 18 — 20°тан жогору болбоого тийиш. Адегенде 2 минута (бала 1 минута көмкөрөсүнөн, 1 минута чалкасынан жатат), 2 — 3 күндө 1 минутадан кошуп, 30 ' минутага жеткирилет. Күн ваннасынан кийин баланы көлөкөгө отургузуп, суу сүлгү менен сүртүү, суу чачуу же сууга түшүрүү керек.

Суу менен чыңдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суу баланын организмине катуу таасир эткендиктен, ага акырындап көндүрүү зарыл. Адегенде 30° сууга жуундуруп, сүртүп, бутун жууйт жана башкалар Анан 1 — 2 күндө 1°ка төмөндөтүп отуруп 16—14°ка жеткирет. 36° сууга адеп белине чейин киринтип, бара-бара 18—20° сууга түшүрүү керек. Түктүү сүлгү же кыл торко кездемеден тигилген мээлейди нымдап алып сүртсө жакшы. Андан кийин кургак жумшак сүлгү менен эти кызарганча аарчуу сунуш кылынат. Суунун температурасы 32 — 33°тан баштап, акырындык менен (1 жума ичинде) 18—20°ка түшүрүлөт. Бир жаба куюнууга көндүрсө болот. Суу процедурасын жайында да, кышында жарым айдан кийин баланы сууну да жасоо керек. Жайында ачык көлөкө жерде 18°тан төмөн эмес температурада сууну идиштен моюн ылдый жаба куюу керек. Суунун температурасы адегенде 35—36°, кийин (ар 3—4 күндө) 20—22°ка чейин төмөндөтүлөт. Баланын башына суу куюу жарабайт. Ушул эле процедураны кышында ванна бөлмөсүндө жүргүзүүгө болот. Уктар алдында бутун жууп, дагы бир процедура жүргүзүүгө болот. Адепки күндөрдө 33°ка, 2—3 күндө 1°тан төмөндөтүп олтуруп 16 —18° сууга жууш пайдалуу. Баланы киринтип жатканда аба жана күн ваннасын суу процедурасы менен айкалыштыруунун да денени чыңдоого жардамы чоң. Балдарды бул процедураларды өзү жасоого көндүрүү зарыл.

Мектепке даярдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул баланын турмушундагы олуттуу мезгил. Мектепке барганга чейин бала өз алдынчалыкка үйрөнүүгө тийиш. Өз алдынчалыкка тарбияланган балдар өзү кийинет, таза жүрөт, мектепке өзү барат, танаписте колун жууп, тамак ичет, мектептен өзү келип, сабагын даярдайт. Эмгекке үйрөтүлгөн балдар мектепте жакшы окуйт. Баланы мектепке чейин эле тырышчаактыкка, ар нерсени билүүгө кызыгууга, шыктуулукка тарбиялоо зарыл. Аны зордоп үйрөтүү жарабайт. Ата-эне эмгекчилдиги менен балага үлгү болуусу тийиш.

Баланы кат таанууга үйрөтүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баланы кат таанууга үйрөтүүнү сөздү муунга бөлүп айтуудан баштоо керек. Андан бала сөздөгү тыбыштарды угууга жана айтууга үйрөнөт. Муунду так, созуп айтуу керек. Эгер бала угууга көнсө, тыбышты жакшы ажырата алса, кийин катасыз жазат, сабаттуу, маданияттуу сүйлөйт. Баланы эсепке үйрөтүү үчүн мисалдарды турмуштан алып, ченөө менен тааныштыруу, «сан» деген түшүнүк ченөөдөн келип чыгарын жөнөкөй мисалдар менен анын аң-сезимине жеткирүү зарыл. Ченөө үчүн карандаш, кашык, жип, таяк жана башкалар колдонулат. Мектепке чейинки бала онго чейин саноого, бирден алып, кошууга үйрөнүүгө тийиш. Баланын аң-сезимин өстүрүүдө аны менен аңгемелешүүнүн мааниси чоң. Аңгемелешүүдөн анын сөз байлыгы көбөйөт, сөздү так айтууга көнөт, сүйлөмдү туура түзүүгө үйрөнөт, ой жүгүртүүсү өсөт. Бала менен үзбөй көнүгүү жүргүзүү керек, бирок аны чарчатууга болбойт. Көнүгүү ар түрдүү болсо, ал кызыктуу өтөт. Балага бир нерсени үйрөткөндө ачууланбай, токтоолук, сабырдуулук менен түшүндүрүү зарыл. Баланы жазууга көндүрүүдө сүрөт тартуу көп жардам берет. Баланын колу калем кармоого көнөт, бала тартып жаткан буюмду жакшы билип калат, башкача айтканда көңүл буруусу калыптанат, сулуулукту байкап, аны баалай билүүгө үйрөнөт.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8