Мектепке чейинки мекеме кызматкери

Википедия дан

Мектепке чейинки мекеме кызматкери ― тарбиячы, балдар бакчасынын, балдар үйүнүн жана сезондук балдар аянтчаларынын башчысы. Кызматкер атайы педагогикалык билимди Бишкек шаарындагы педагогикалык атайы орто билим берүүчү окуу жайында, И. Арабаев атындагы педагогикалык университетте, Каракол шаарындагы педагогикалык атайы орто билим берүүчү окуу жайында жана Ош мамлекеттик университетинде даярдалат. Ал окуу тарбия ишин Билим берүү министрлик тарабынан программалык-методикалык окуу каражаттары жана сунуштары боюнча уюштуруп, балдардын ден соолугунун чың болушуна жооп беришет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004