Мектеп каникулдары

Википедия дан

Мектеп каникулдары – балдардын эс алышын камсыз кылуу үчүн окуу процессинин убактылуу токтотуу мезгили. Аны бир мамлекет өзүнүн табигый шарттарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам чегинде белгилейт. Кыргыз Республикасында окуу жылынын башталышы жана аякташы «Билим берүү» жөнүндөгү мыйзам жөнгө салат. Ошол мыйзамга ылайык Кыргызстан башталгыч, толук эмес орто билим берүү жана орто билим берүү мектептерде төмөнкү мезгилдердеги каникулдар белгиленген: күзгү каникул – 5 күн (5–9-ноябрга чейин), кышкы каникул – 12 күн (30-декабрдан 10 январга чейин), жазгы каникул – 8 күн (шаар жерлеринде жергиликтүү айыл өкмөттөрүнүн кароосу боюнча убакыт өзгөрүшү мүмкүн). Окуучулардын жайкы эс алуусу же каникулу мектептеги окуу аяктагандан 1-сентябрга чейин улантылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004