Мектеп таануу

Википедия дан

Мектеп таануупедагогика илиминин тармагы. Анын негизги максаты мектеп ишин башкаруунун мазмунун жана методдорун изилдөө, мектепти башкаруу системасынын жана анын жумушун уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүү болуп эсептелет. Мамлекеттеги мыйзамченемдүүлүктөр, педагогика илиминин корбилим утундулары жана сунуштары Мектеп таануунун методологиялык негизин түзөт. Мектеп таануунун мазмуну төмөнкү компоненттерден турат:

  • Мектепти башкаруу жана ага жетекчилик кылуунун негизги принциптери;
  • Мектепти башкаруунун илимий негиздери жана башкы функциялары;
  • Мектепке административдик педагогикалык жана чарбалык жетекчилик кылуу бонча билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүктөрү (билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын уюштуруу, жалпы берүүчү мектептердин типтерин аныктоо, алардын тармактарын түзүү жана рационалдаштыруу, мектеп имараттарын окуу мастерскойлорун, окуу лабораториялык кабинеттерди, мектеп алдындагы участокторду долбоорлоого жана курууга коюлуучу педагогикалык талаптарды иштеп чыгуу, мектептерди каржылоо, мектептерди окуу жабдуулары менен камсыздоо);
  • Мектептердин окуу-тарбиялоо иштерин башкаруудагы билим берүү маселелеринин ишмердүүлүктөрү (мугалимдерге илимий-методикалык жардамдарды уюштуруу, мектептердин иштерин текшерип-контролдоо);
  • Мектепке ичтен жетекчилик кылуунун мазмуну жана методдору;
  • Элге билим берүү ишин өркүндөтүүгө коомчулукту тартуу;
  • Мугалимдердин билимин жогорулатууну жана адистик квалификациясын өркүндөтүп уюштуруу;
  • Окуучулардын өзүн-өзү башкаруусун уюштуруу;
  • Агартуу мекемелеринин отчеттуулугун уюштуруу;
  • Мектептик иштин статистикасы.

Ушул компоненттердин ичинен мектепти башкаруунун илимий негиздерин жана башкы функцияларын гана чечмелөө менен чектелебиз.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004