Меланоз

Википедия дан

Меланоз (грекче melanosis – караруу) – аарынын жугуштуу ылаңы. Эне аарынын энелик бези жабыркагандыктан, жумуртка туубай, тукуму куруйт. Ылаңды мите козу карын козгойт. Козгогучу туруксуз болгондуктан, жөнөкөй дезинфекциялоочу заттардын таасиринен тез эле жугушсузданат. Ылаң көбүнчө жай мезгилинин экинчи жарымында башталып, негизинен тымызын формада өтөт. Ылаң козгогучунун негизги булагы ылаңдаган аары, ылаңдан өлгөн аарынын тарпы, мите козу карын менен булганган тоют, суу ж. б. Эне аарысы жок ылаңдуу аары уюгунда уруктанган жумурткалары болбогон соң жаңы эне аары болбойт, натыйжада бал челекте эркек аарылардын саны кескин көбөйөт. Диагноз клиникалык белгилердин негизинде коюлат. Атайын дары каражаттар жок. Алдын алуу жана күрөшүүдө аары багуу шартын жакшыртуу, сапаттуу бал же кант сиробу менен тоюттандыруу талап кылынат. Бал челектерди жана алардын тегерегин таза кармоо зарыл. Ылаңдаган эне аарыларды жок кылып, соо жаш эне аарылар менен алмаштырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]