Мелетинский, Елиазар Моисеевич

Википедия дан

Мелетинский Елиазар Моисеевич (1918, Харьков) – орус адабиятчысы, фольклорчу. Москвадагы философия, адабият жана тарых институтун бүтүргөн (1940). «Происхождение героического эпоса. Ранние формы и архаические памятники» деген темада докторлук диссертация коргогон. Дүйнө элдеринин баатырдык эпосторун изилдеген. Эмгектеринде түрк элдеринин эпостору, анын ичинде «Манас» да кеңири талдоого алынган. Мелетинский «Манаста» чагылдырылган окуялардын тарыхый негизин кыргыздар менен кара кытайлардын (кидандардын) ортосундагы кагылышуу түзөт деген бүтүмдү советтик фольклористикада алгач ирет айткандардын бири. «Манастын» жанрдык стадиалдык өзгөчөлүгү, түрк-моңгол эпикалык чыгармалыгындагы тарыхый орду «Киргизский эпос о Манасе» (История всемирной литературы, т. 3., М-Н, 1985) аттуу эмгегинде да каралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004