Мелиоранский Платон Михайлович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Мелиоранский Платон Михайлович (30. 11.1868, Санкт-Петербург – 29. 5. 1906, ошол эле жер) – түрколог, монголист, чыгыш таануучу, профессор (1899). В. Радловдун шакирти. Санкт-Петербург университетин бүтүргөн (1891). 1890-жылы студент кезинде Оренбург губерниясы жана Торгой областындагы кыргыз (казак) тилин жана фольклорун изилдеп «Кыргыз макалдары жана табышмактары» жана «Казак-кыргыз тилинин кыскача грамматикасы» деген алгачкы илимий эмгектерин жарыялаган. Окууну бүткөндөн кийин ошол эле университеттин түрк тилдери кафедрасына калтырылган. Ал россиялык түркологиянын тарыхында О. Н. Бётлингден кийинки биринчи түрколог-лингвист катары таанылган. Мелиоранскийдин эмгектери (айрыкча, «Күлтегиндин урматына коюлган эстелик», «Араб филолог монгол тили жөнүндө») бүгүнкү күндө да эстеликтердин тилине лингвистикалык анализ берүүнүн жогорку үлгүсү болуп эсептелет. Ал Орхондон табылган байыркы түрк жазуу эстеликтеринин тексттерин которуп, лингвистикалык талдоо жүргүзгөн. Түрк тилдеринин салыштырма-тарыхый грамматикасын түзүү ишине да салым кошкон. Өзүнүн өтө кыска илимий-изилдөөчүлүк өмүрүндө 42 илимий иш жазган. Алардын көбү түркологиянын алтын фондуна кирген. Эмгектери: Краткая грамматика казакско-киргизского языка. Фонетика и этимология. Ч. 1. 1889; Ч. II. 1897; Сельджукнаме. 1897; Памятник в честь КюльТегина. 1900; Араб филолог о монгольском языке. 1903.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]