Мелиорация

Википедия дан

Мелиорация (латынча melioratio – жакшыртуу) – жерди үзүрлүү пайдаланууну жакшыртууга багытталган чарбалык – уюштуруу, инженердик жана агротехникалык чаралар жыйындысы. Мелиорация табигый шартты айыл чарбага керек багытта өзгөртүүгө мүмкүндүк берет; топурактын суу, аба, азык зат, жылуулук режимин жакшыртат; саздак, кумдак, шор, чөл жана жарым чөлдүү жерлерди айдоо аянтына айландырып, жер-суу ресурстарын өндүрүмдүү пайдаланууга, талаачылыкты толук механикалаштырууга жана химиялаштырууга шарт түзөт. Мелиорация негизинен үчкө бөлүнөт. Нымы жетишсиз жана ашыкча нымдуу жерлердин мелиорациясы; нымы жетишсиз жерлерди сугаруу, ашыкча нымдуу (саздак) жерлерди кургатуу; чөл, жарым чөл жана боздоң жерлердеги жайыттарга суу чыгаруу ж. б. Физикалык жана химиялык курамы начар топурактуу жерлердин мелиорациясында кычкыл топуракты акилөө, шор топуракты гипстөө жана дренаж аркылуу топуракты шордон арылтуу иштери аткарылат. Ыңгайсыз табигый шартка таасир этүү каражаты менен ыкмаларына жараша гидротехникалык, агротехникалык жана токой чарба мелиорациясына бөлүнөт. Гидротехникалык мелиорация – канал, суу сактагыч ж. б. гидротехникалык курулмалар менен жер сугарууда суу ресурстарын жана жер астындагы суунун деңгээлин жөнгө салуу жана топуракты өсүмдүккө зыяндуу ашыкча туздардан (дренаждын ж. б. жардамы менен) арылтуу; суу токтотуучу, суу алуучу ж. б. курулмаларды куруу, топуракты агын суу жууп кетишинен сактоо; агротехникалык мелиорация – сугаруу мезгилинде топуракты эрозияга учуратпоо үчүн кош айдоо жана жерди сугаруу багыттарын улам өзгөртүү; шор топурактуу жерди өздөштүрүүдө көп жылдык чөптү тез-тез которуштуруп эгүү; кумдуу жерге чөп эгүү ж. б. Мелиорация Египет, Месопотамия, Индияда биздин заманга чейинки 3–5-миң жылдыктарда пайда болгон. Кыргызстанда сугат дыйканчылыгы революцияга чейин өтө жай өнүгүп, Совет бийлигинин жылдары көптөгөн майда эски сугат системалары оңдолуп, ири каналдар (Ат-Башы каналы, Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Талас каналы, Чоң Нарын каналы ж. б.), плотиналар (Араван-Сай плотинасы, Кара-Үңкүр плотинасы, Чөмүч плотинасы ж. б.), суу сактагычтар (Киров суу сактагычы, Төрт-Күл суу сактагычы, Токтогул суу сактагычы, Найман суу сактагычы, Орто-Токой суу сактагычы ж. б.), Он-Арча, Куланак насос станциялары ж. б. ирригациялык курулмалар ишке киргизилген. Кыргызстанда мелиорация жана суу чарбасы боюнча илимий из. жана долбоорлоо иштерин Кыргыз ирригация илим изилдөө институту, К. И. Скрябин атындагы КАУнун гидромелиорация факультети ж. б. жүргүзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]