Мазмунга өтүү

Мельников Борис Ильич

Википедия дан

Мельников Борис Ильич [1941-жылы туулган, Фрунзе (азыркы Чүй) областы, Кемин району, Боролдой айылы] – техника илимдеринин доктору (1994), профессор (1997). КАЧИни (1969), ошол эле жерден аспирантураны (1974) бүтүргөн. Кыргыз ССРинин Мелиорация жана суу чарба министрлигинде гидротехник, КАЧИде лаборант, ассистент, Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Мелиорация жана гидротехника институтунда профессор, КАЧИде кафедра башчысы, декан, 1996-жылдан К. И. Скрябин атындагы КАУда вице-президент, профессор Мелиорация, сугаруу дыйканчылыгы, тоо этектериндеги автоматташтырылган гидротехникалык курулуш тармактары боюнча адис. 110дон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 20 методикалык окуу куралы, 20 автордук күбөлүк жана 5 патенттин ээси. Эмгектери: Расчет скоростей течения воды (на французком языке). Издание института гидротехники и мелиорации, Блида, АНДР, 1980; Орошение горных регионов//Горы Кыргызстана. Б., 2001.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]