Мем

Википедия дан
Ричард Докинз.

Мем (англ. meme) -- бир маданияттын ичиндеги адамдан адамга тараган бир идея, жүрүм-турум же стил. Мем маданий идеяларды, белгилерди, же практикаларды камтыган бир бөлүк катары кызмат кылат. Ал адамдын оюнан башкасына жазуу, сүйлөө, жаңсоо, ритуалдар, мимикалык тема менен туураган кубулуш аркылуу өткөрүлөт. Бул түшүнүктү жактоочулар мемдерди -- алар өзүнөн-өзү көбөйүп, аргындашып, тандоо басымына жооп бергени үчүн -- гендердин маданий аналогу деп эсептешет.

Бул сөз неологизм болуп саналат жана Ричард Докинз тарабынан чыгарылган (1976-жылы).

Жактоочулардын теориясына ылайык, мемдер биологиялык эволициянын аналогу сыяктуу эле табигый тандалма аркылуу өрчүгөн вирустук феномендер болуп саналат. Мем буларды түркүмдөө, мутация, атаандаштык жана мурас аркылуу ишке ашырып, алардын ар бири мемдин репродуктивдүүлүк ийгилигине таасир этет. Мемдер өздөрү жашаган алып жүрүүчүлөрдүн жүрүм-туруму аркылуу тарайт. Азыраак жайылган мемдер жоголууга дуушар болушу мүмкүн, ал эми башкалары жашап кетиши, жайылышы, (жакшы же жаман) мутация болушу ыктымал. Эфективдүү көбөйгөн мемдер көбүрөөк ийгиликке жетип, айрымдары өзүн алып жүргөндөргө зыяндуу болсо дагы эфективдүү көбөйө берет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]