Мензбир сууру

Википедия дан
Мензбир сууру.

Мензбир сууру (лат. Marmota menzbieri) – суурлар уруусундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 30–60 см, куйругу 10–25 см. Дүйнө жүзүндө жалгыз гана Теңир-Тоонун батышында, Чаткал тоо кыркаларында таралган. Анын 2 түрчөсү (угам жана чаткал) белгилүү. Ал кургак, какыр бийик тоо этегин мекендейт. Өсүмдүк менен азыктанат. Ийинин таштак жерлерге, кээде шалбaа, талаа өсүмдүктүү жайык жерлерге казат. Топтошуп жашайт, күндүз активдүү. Сентябрь айында чээнге кирип, март–апрелде чыгат. Жашаган аянттары жылдан жылга тарып, айрым гана жерлерде бири биринен обочолонгон чакан популяциялары сакталган. 3 жашында жыныстык жактан жетилет. Бир жылда бир жолу, 3–4 чөндөлөй тууйт. Саны азайып, көп жерлерде жок болуп бара жаткандыктан, ТКЭСтин жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]