Менин кошунам Тоторо

Википедия дан

"Менин коңшум Тоторо" (жап. となりのトトロ Хепберн: Тонари но Тоторо?) - 1998-жылы япониялык Ghibli ("Гибли") студиясы тарткан фэнтези жанрындагы анимациялык тасмасы. Тасманын сценарийин жазган жана койгон режиссеру -Хаяао Мяизаки. Норико Хидака, Чика Сакамоторо жана Хитоши Такаги үн коштойт. Фильмде согуштан кийинки мезгилдеги япон элетиндеги (айылындагы) профессордун жаш кыздары - Сатсуки менен Мэйдин токойдо жашаган арбактар менен болгон достугу тууралуу баяндалат. Аталган тасма Анимаж Аниме Гранд Прикс, Майнучи фильм сыйлыктарын жана 1988-жылы Кинема Жунпо сыйлыгынын "Эң мыкты фильм" номинациясын жеңип алган. Ошол эле жылы Блү Риббон сыйлыгынын атайын номинациясына дагы татыктуу болгон. Тасманын жана анын негизги каарманы Тоторо маданий көрүнүшкө айланган. "Менин коңшум Тоторо" – 2010-жылы Empire журналынын "Дүйнөдөгү эң мыкты 100 фильм" тандоосунда 41-орунга ээ болгон.

Ушул эле Empire журналынын 2010-ж. "Эң мыкты 50 анимациялык фильм" тандоосунда 18-орунга илинген. Фильмдин башкы каарманы Ghibli студиясынын тасмаларында жана видео оюндарында бир нече эпизоддук көрүнүштөргө тартылган жана япон анимация искусствосундагы эң популярдуу каарман катары таанылган. Тоторо – Imagine Games Network (Имажин Геймс Нетворк) оюн жана көңүл ачуу медия компаниясынын "25 эң мыкты аниме каармандары" тандоосунда 24-орунга татыган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]