Менуэт

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Менуэт (французча menuet – кичине, майда кадам) – француз эл бийи. Пауту аймагында пайда болгон. Менуэт каалгый салтанаттуу аткарылып, жүгүнүү жана тизе бүгүп, таазим кылуу сыяктуу кыймылдардан турат. 17-кылымда ак сөөктөрдүн бийине айланып, музыкасы композиторлор тарабынан жазыла баштаган. Ошондуктан менуэт бара-бара бийсиз аспаптык музыка жанрына айланган. Менуэттин мындай түрлөрү Бах, Гендель, Гайдн, Моцарт, Бетховендин чыгармаларында арбын кездешет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]