Меншиков Александр Данилович

Википедия дан

Меншиков Александр Данилович [6(16). 11.1673, Москва – 12(23). 11. 1729, Сибирь губерниясы, Берёзов кыштагы (азыркы Ханты-Манси автономия округу, Берёзов шаарчасы] – орустун мамлекеттик жана аскер ишмери, граф (1703), князь (1706), генерал-адмирал жана генералиссимус (1727). 1686-жылдан Пётр Iнин жан жигити (денщиги). Азов казаттарында (1695–96), Улуу өкүлдүктө (1697–98) Пётр Iни коштоп жүргөн. 1703-жылы Ингерманландия (кийин Санкт-Петербург) губерниясынын губернаторлугуна дайындалган. Санкт-Петербургду, Кронштадтты, Нева жана Свирь дарыясында кеме верфтерин куруу иштерин башкарган. Түндүк согушу (1700–21) убагында ири жөө жана атчан аскерлерге кол башчылык кылып, швед аскерлерин бир нече жолу жеңген: 1706-жылы 18-октябрда Калишенин, 1708-жылы 2-ноябрда Батуриндин, 1709-жылы 7-майда Опошнянын алдында шведдерди талкалаган. 1709-жылы (27-июнда) Полтава салгылашында сол фланганын командачысы болгон Меншиков, генерал Россанын корпусун талкалап, орустардын жеңишине жол ачкан. 1709–13-жылдары Польшада, Курляндияда, Померанияда жана Гольштейнде орус аскерлерин, 1714-жылы жылдан шведдерден тартылып алынган Балтика бою менен Ижор аймагын башкарган. Пётр I жокто өлкөнү башкарып турган. 1718–24- жана 1726–27-жылдары Аскер коллегиясынын президенти. Пётр I өлгөн соң Екатерина Iни тактыга отургузган (1725, 28-январь) жана иш жүзүндө Россияны өзү башкарган. 1727-жылы 25-майда өз кызы Марияны Пётр Iнин небереси Пётр IIге алып берген. Бирок Меншиковго каршы эски ак сөөктөрдүн (княздар Голицын менен Долгорукийдин) түрткүсү менен Пётр II 1727-жылы 8-сентябрда Меншиковду мамлекетке чыккынчылык кылды жана казынаны талоонго учуратты деп айыптап, үй-бүлөсү менен Берёзовго сүргүнгө айдаган. Анын мүлкү: 90 миң крепостной дыйкан, 6 шаары, Россия, Польша, Пруссия жана Австриядагы мүлктөрү ж. б. толугу менен конфискацияланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]