Меньер оорусу
Меньер оорусу — мезгил-мезгили менен ички кулак сезгенбей өзгөрүшүнөн баш айлануучу оору. Себеби белгисиз.
Өөрчүшүнүн себептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оорунун өөрчүшунө лабиринт суюктугунун (эндолимфа) көбөйүп кетиши же лабиринт ичиндеги басымдын жогорулашы түрткү болот.
Симптомдору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оорулуунун башы кокусунан катуу айланып, көңүлү айныйт, кускусу келет, кулагы чуулдап, жакшы укпайт (көбүнчө бир кулагы), тең салмактуулук бузулат. Оорулуу баса албайт, ал тургай олтура да албайт. Ал бир нече сааттан бир нече күнгө созулат, кээде тез-тез (ар 2—3 күндө), кээде сейрек (1 — 2 жылда 1 жолу) кайталанып турат. Улам кайталап кармоодон кулак начар угуп, кээде дүлөй да болуп калышы мүмкүн. Негизинен бул оору менен 30—50 жаштагы аялдар ооруйт.
Дарылоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оору кармаганда оорулууну тынч, жарык жерге төшөккө жаткызып врач чакыруу керек. Оорулууга диета сунуш кылынат. Кан тамыр тарыса аларды кеңейтүүчү же организмдеги сууну азайтуучу каражаттар колдонулат. Оору тез-тез кайталанып, дары-дармек менен дарылоо натыйжасыз болгон учурда хирургиялык ыкма колдонулат. Меньер оорусу менен ооругандарга транспортто, бийиктикте, кыймылдоочу механизмдердин жанында иштөөгө болбойт.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8