Мен сүйгөн менен пайда жок
Мен сүйгөн менен пайда жок | |
Аткаруучу | |
---|---|
Альбом |
Мен сүйгөн менен пайда жок |
Чыккан жылы | |
Жанры | |
Ырдын тили | |
Узактыгы |
03:07 |
Автору | |
Альбомдун трек-барагы «Мен сүйгөн менен пайда жок» |
«Мен сүйгөн менен пайда жок» Көпчүлүктүн тагдырына тагдырлаш, сүйүүсүнө ортоктош бул ырдын сөзү да, обону да Токтогул районунун Терек-Суу айылынан чыккан ырчы Руслан Нарынбаевге таандык.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ырдын автору Руслан Нарынбаев: «Сезим деген чатак иш экен»
– 2013-жылы Жети-Өгүз районуна чыгармачылыктагы инилерим Добр, Руслан Абыловдор менен гастролдоп барып калдык. Мен анда комуз менен ырдачумун. Эл жакшы кабыл алышты. Кайсы жерге барбайлы кол чаап, кошо ырдашып, жакшы тосуп алып жатышты. Баарыбыз меймандос, сыйчыл, жакшы үй-бүлөнүн үйүнө жайгаштык. Сезим деген чатак нерсе экен, жубайыӊ, бала-чакаӊ барбы, аны менен иши да болбойт тура. «Жүрөк бирди, көӊүл миӊди сүйөт» дегендей, жүрөгүм менен сүйүп алган жарым болсо да, көӊүлүм жаш селкиге бурулду. Биз мейман болгон үй-бүлөнүн кызын жактырып калдым. Кечинде концерттен чарчап келебиз, жанымдагылар уйкусу келип, курсагы тойгондон кийин эле тоголонуп уктаганга шашышат. Менде кайдагы уйку? Дагы отурсак, ырдасак экен дей берем. Анан колума комузумду алып чарчаганыма карабай ырдап кирем. Кайсы ырды ырдабайын, ушул ырларым аркылуу мендеги сезимди билсе экен деп тигил кызды карай берчүмүн.
«Бирок анын жолдошу бар экен»
– Ошентип, ал үйдө бир жумага жакын жашадык. Жан дүйнөм ырга толуп, өзүмдү асманда учуп жүргөндөй сездим. Ал кыздын мага жөн эле сүйлөп койгону кубаныч, сүйүнүч тартууласа, карап күлүп койгону «сүйөм» дегендей туюлду. Концерттер кечинде башталат эмеспи. Күндүз мына ушундай сезим менен көл жээгинде кыӊылдап жүрүп, жакшы бир кайрыктар жаралды. Анан кетерде дасторкон үстүндө отурсак, үйдүн кожоюну «менин кызымдын жолдошу бар» деп сөз келгенде айтып калды. Менин да үй-бүлөм бар болгону менен, бул сөздү укканда жаман болдум. Көрсө, кыз атасыныкына келип эс алып жүргөн учуру экен. Экөөбүз көп нерсени сүйлөшкөнүбүз менен, «үй-бүлөӊ барбы?» деп бири-бирибизден сурабаптырбыз.
Ал күнү маанайым жок жүрдүм. Бирок баягы жаӊы жаралган кайрыктар оозумдан түшпөй койду. Бир убакта «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген сап жаралып калды. Ошентип, ал үй-бүлө менен кош айтышып, сапарыбызды андан ары уладык. Кийин ырдын үстүнөн иштей баштаганда да көз алдымда анын элеси тартылып турду.
Ырдын тексти
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мен сүйгөн менен пайда жок, Кайырма: Сүйдүрдүӊ мени сүйүктүүм, Чалкыган көлүӊ керемет, |