Меристема

Википедия дан
1: Меристема.
Меристема.

Меристема (грекче meristos – бөлүнүүчү) – өсүмдүктөрдүн бөлүнүү жана жаңы клеткаларды пайда кылуу жөндөмдүүлүгүн узакка сактаган түзүүчү тканы. Өсүмдүктүн же анын органынын тыным абалынан башка мезгилинде меристема клеткалары тынымсыз бөлүнүп турат. Натыйжада өсүмдүк өсүп, массасы чоңоёт. Пайда болгон клеткалардын кээ бири өсүп, белгилүү өлчөмгө жеткенден кийин дагы бөлүнүп, меристемалык клетка бойдон калат, көпчүлүгү туруктуу ткандардын (жабуучу, механикалык, өткөргүч, негизги ж. б.) клеткаларына айланат. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө чоку жана каптал меристема болот. Чоку меристема сабак менен тамырдын узунунан өсүшүн камсыз кылат. Каптал меристема камбий клеткаларынын бөлүнүшүнөн өсүмдүк жооноюп, туурасынан өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]