Меркаптандар

Википедия дан

Меркаптандар, тиоспирттер, тиолдор - орг. күкүрттүү бирикмелер, жалпы формуласы - RSH. Гомологиялык катарындагы кичине мол. м-луу мүчөлөрү өзгөчө жагымсыз жыттуу. Алардын абадагы концентрациясы 2,10-9 мг/л болгондо эле жыты сезилет. Жаратылышта негизинен белоктун чиришинен пайда болот. Айрымдарынын физ. касиеттери төмөндөгүдөй:

М. хим. мүнөзү б-ча начар к-талык касиетке ээ. Мис., негиздин суудагы эритмесиндеги меркаптиддер пайда кылат:

NaOH

RSH ¾®RSNa+H2O

М. дисульфидге жана сульфон к-тасына чейин оңой окистенет. М. щелочтуу металлдар гидро сульфиддерин алкилдөөдөн, тиомочевинадан алынган S-алкилизотиуроний туздарын гидролиздөөдөн ж.б. ыкмалар менен алынат. М. жана алардан синтезделген заттар табигый жана синтездик каучукту жумшартууда, айрым дары-дармек заттарын синтездөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]