Мессершмидт Даниель Готлиб
Мессершмидт Даниель Готлиб (1685-1735), атактуу немис окумуштуусу, дарыгер, ботаник, зоолог, этнограф, археолог. Сибирь аймагынфн жаратылышын, фауна жана флорасын, этнография жана археологиясын, тилдерин, фольклорун эң биринчи изилдеген илимпоз.
1721-1722 жж. Минусин (Хакас-Минусин ойдуңу) жергесине илимий экспедиция уюштурган. Экспедицияга швед офицерлери Филипп Иоганн Табберт жана анын жээни Карл Шульмандар да катышышкандыгы белгилүү. Бул экспедиция көп сандаган эстеликтерди табышкан: алардын ичинде көрүстөндөр, петроглифтер, тамгалар, жазууулар, таш эстеликтери бар эле. Окумуштуулар көп сандаган көрүстөндөрдүн бирин казып көрүшүп, илим үчүн маалыматтарды жыйнашкан. Илимпоздорду таштарга чегерилген жазуулар (кыргыз жазуулары) кызыктырып, бул жазуу маданияты байыркы германдардын “рун сымал жазууларына окшоштугун” байкашкан. Бирок, ошол учурдагы илимпоздор жазып калтырган жазуу эстеликтери, петроглифтер ж. б. эстеликтер алар тартып калтырган сүрөттөрдө, жазууларда гана сакталып калгандыгы маалым. Илимге кийинчерээк белгилүү болгондой бул жазуу – орто кылымдардагы кыргыз жазуу эстеликтери эле. Бул ачылыштардан соң европа илимпоздорунун Сибирь аймагына болгон кызыгуусу күчөгөн.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мессершмидт Даниель Готлиб 1685-ж. 16-сентябрда Даньциг (Гданьск) шаарында оокаттуу, билимдүү адамдын үй бүлөсүндө туулган. Атасы Даньциг портунун инпектору болгон. Иена жана Галле университеттеринен медицина илимин окуган. Орус-швед согушунда жеңишке ээ болгон Петр I Данциг шаарына келип, шаардагы табигый-тарыхый музейди көрүп, профессор Брейнден Россиянын баалулуктарын жана байлыгын изилдеген окумуштууну сунуш этүүнү айткан экен. Профессор Филипп Брейн медицинанын доктору болгон Д.Г.Мессершмидти сунуш эткен эле. Чындыгында эле, профессор Ф.Брейн менен достошуу окумуштуунун тагдырына зор өзгөрүүлөрдү алып келген. Россия мпадышасынын атайын буйругу менен Д.Г.Мессершмидт 1718-ж. Россига жиберилет. Бир канча шаарлар аркылуу жолго чыккан окумуштуу 1719-ж. 24-декабрында Тобольск шаарына келет. Жергиликтүү бийликтердин терс адаттарына, маданиятсыздыгына, паракорлугуна кез келген Д.Г.Мессершмидт падышанын буйругун күтүп Тобольск шаарында бир жылдан ашуун туруп калат. Убакытты текке коротпогон немис окумуштуусу Тобольсктун айланасындагы жерлерди илимий максатта кыдырып маалыматарды жыйнай баштаган. Белгилей кетчү маселе, окумуштуунун жеке демилгеси менен фауна жана флорадан сырткары, аймактын тарыхы, жашоочулардын каада-салттары, үрп-адаттары, тилдери, этнографиясы, археологиясы боюнча маалыматтарды жыйнвп, кагаз бетине түшүрүшкөн. Ошентип, Сибирь аймагынын калктары, салтуу маданияты, тилдери боюнча маалыматтар батыш илимине белгилүү боло баштаган. Илимпоздун изилдөө иштери аябагандай катаал шарттарда өткөн. Жалпысынан, Д.Г.Мессершмидт Сибирди жети жыл (1720-1726 жж) изилдеген. Бул жылдары эмгекчилдик жана немистик педантизм сапаты менен Сибирь аймагында жашаган калктардын ичинен жыйналган этнографиялык материалдарды системалаштырган, илимий тартипке келтирген. Жеке каражатына жергиликтүү калктардын (угро-финн калктары, сомодийлер, хакастар, анын ичинде качиндер, койбалдар, буряттар, чулумдар, эвенктер ж.б.) буюмдарын, кийим-кечелерин, куралдарын ж.б. жыйнап, Санкт-Петербургдагы Кунсткамерага тапшырган. Тобольск шаарында турганда сүргүнгө айдалган швед туткундары менен достошуп калат. 1721-1722 жж. туткун офицер Ф.И.Табберт жана анын жээни окумуштууга эң жакын жардамчылар болуп калган. Окумуштуунун илимий сапарлары жергиликтүү бийликтер тарабынан ар кандай тоскоолдуктарга, көрө албастыктарга кабылган. Деген менен, Д.Г.Мессершмидт Сибирь элдеринин этнографиясы, тили, фольклору ж.б. боюнча эбегейсиз зор жана маанилүү маалыматтарды жазып калтырган. Мындан сырткары, ошол кездеги илим үчүн өтө маанилүү болгон зоология, биология, минерология илимдерине таандык маалыматтарды алып келгендиги белгилүү. Чулум, Абакан, Енисей дарыяларын жээктеп жашаган калкаты , Минусин талаасын жана андагы эстеликтерди кунт коюп изилдеген Д.Г.Мессершмидт бир кезде енисей кыргыздарына баш ийген камассиндерди “кыштымдар” деп жазган. Сибирдин каардуу климаты окумуштуунун ден соолугуна терс таасирин тийгизген. Ал экспедициядан кайтканда ден соолугу өтө начар, көзү көрбөй калган абалда болгон. 1729-ж. жыйналган маалыматтардын көпчүлүк бөлүгүн Кунсткамерага тапшыргандан соң, калган маалыматтары менен кемеге олтуруп, мекенине кайтат. Бирок, деңизде кеме кыйрап, жыйнаган бай маалыматтары кеме менен бирге сууга чөгүп кетет. Даньциг шаарына Д.Г.Мессершмидт колун жак, кедей абалда кайтып келген. Жокчулукка дуушар болгон окумуштуу Санкт-Петербургга кайтып келет. Арийне, бул жерде да анын турмушу оңолгон эмес болучу. 1735-ж. атактуу окумуштуу Мессершмидт Даниель Готлиб 50 жаш курагында жокчулуктан жана ооруунун айынан каза табат.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Forschungsreise durch Sibirien 1720—1727. Tagebuchaufzeichnungen / Hrsg. von E.Winter, G.Uschmann, G.Jarosch. — Berlin, 1962—1968. — Т. 1—4. — (Quellen und Studien zur Geschichte Osteuropas)
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]О. Каратаев. Борбор Азия жана түрк дүйнөсүн изилдеген аалымдар.