Мессия

Википедия дан

Мессия, Христос — бир катар диндерде (өзгөчө иудаизмде жана христиан дининде) кудай жиберген «коргоочу».

Ал өз өкүмүн түбөлүк орнотууга умтулат. Динге ишенгендер мессинын ким экенин конкреттүү билген эмес, ыйык, өлбөс жан, адам-устат же кечил катары элестетишкен. Тигил же бул сектаны негиздөөчүлөр, айрым көтөрүлүш башчылары өзүлөрүн мессия атай беришкен. Мессиячылыктын ар кандай түрү оор абалда калган элдин кудай куткарар деген ишениминен жаралган. Бирок бул кеп учурда элдин өз мүдөөсү үчүн активдүү күрөшкө чыгышына кедерги болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.