Метакрил кислотасы

Википедия дан

Метакрил кислотасы (a-метилакрил к-тасы) СН2 =С(СН 3)-СООН – мол. масс. 86,09; кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо t 160,50С d420 1,01153; nD20 1,4314; Сууда, эфирде, спиртте эрийт. Бөлмө темп-расында оңой полимерленет полиметакрил кислотасын пайда кылат М. к. натрий амальгамасы менен изомай к-тасына чейин калыбына келет; иоддуу суутек менен b-иодизомай кислотасын берет; бромду кошуп алып a, b- дибромизомай кислотасын пайда кылат М. к. туундулары да полимердешүү реакциясына оңой кирет. Мисалы,

Ө. ж-да М. к. жана анын эфирлерин өнөр жайда ацетондон өндүрүлөт. Мисалы:

О. эле хлороформ менен ацетон конденсациясынан алынган заттын щелочь м-н

темпертуранын тассиринде аракеттенүүсүнөн М. К. чыгышы алда-канча көп болот:

KOH

СН3СОСН3+НССl3——® (CH3)2C(CCl2)2OH

KOH

–—® CH2 =C(CH 3)COOH

М. к. жана анын туундулары техникалык маанилүү полимерлерди жана сополимерлерди, органикалык  айнек, каучуктар, ион алмаштыргыч чайырлар, метакрилаттар өндүрүүдө кеңири колдонулат. 

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]