Металингвистика

Википедия дан

Металингвистика – тил илиминин метатил жөнүндөгү тармагы; табигый тилди так, терең, кеңири жана практикалык максатта изилдейт. Металингвистика метаматематика, метатеория, металогика, метаизилдөө сыяктуу илимий тармактардын методологиялык принцибинин үлгүсүндө куралат, тил илиминдеги негизги теориялар менен методдорду камтып, тилдин маанилик жана маңыздык (содержательный) өзгөчөлүктөрүн коомдук социум менен ойломдун (мышление) бирдигинде карайт, башкача айтканда бир тилди экинчи тилге салыштырып изилдөөдө биринчи тилдеги конструкциялар, теориялар, мыйзамдар экинчи тил үчүн үлгү болот да, биринчи тил – метатил, экинчи тил объект тил аталат. Эгер кийин кыргыз тили аркылуу орус тилин үйрөнсө, кыргыз тили орус тилине карата – метатил, орус тил объект тил болот. Метатилдер көбүнчө жасалма тилдерде (математика, программалоо, орток тил, формалык же Хомскийдин грамматикасы) кеңири колдонулат. ).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]