Металлогения

Википедия дан

Металлогения (металл жана грекче gtneia – жаралуу, түзүлүү, пайда болуу) – геология илиминин бир тармагы; геологиялык өрчүү тарыхынын негизги этаптарына байланыштуу болгон металлдардын пайда болуу шартына жана алардын жер кыртышында таралышын изилдейт. Терминди биринчи жолу илимге француз геологу Л. де’Лоне киргизген. Жер кыртышынын өнүгүшүндө чөкмөлөрдүн топтолушу, тектоникалык кыймылдар, магматизм процесси боюнча бири-биринен айырмаланган структуралык ири бөлүктөрдө металл кендеринин белгилүү гана топтору пайда болот. Мындай процесс геосинклиналь жана платформа аймактарында түрдүүчө жүрөт. Ошондой эле бири-бирине окшош тектоника-магмалык жана кен пайда болуу процесстери дайыма кайталанып турат. Мындай закон ченемдүүлүк металлогениянын негизин түзөт. Металлогения илими кендүү жерлердин мейкиндик жана убакыт боюнча таралыш закондуулугун аныктайт; кен пайда кылуучу геологиялык шарттардын байланышын изилдейт; жаңы кендүү аймактарды ачат. Мындай изилдөөлөр геологиялык изилдөө жана чалгындоо иштерине белгилүү багыт берип, эл чарбасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт. Металлогениялык изилдөөлөргө төмөнкү ыкмалар кирет: 1) ири аймактарды изилдөөдө колдонулуучу аймактык металлогениялык анализ; 2) кен таштарды контролдогон кендүү райондорду дыкат изилдөөдө колдонулуучу металлогениялык анализ; 3) формациялык анализ ж. б. Металлогения тектоника, петрография, литология, кен байлыктар жөнүндөгү илимдер менен тыгыз байланышкан. Өзүнүн металлогениялык курчоо, провинция, зона, түйүн сыяктуу изилдөөдөн металлогениялык доорлор, ал эми бирдей геологиялык шартта кен таштардын окшош топторун аныктоодон – металлогениялык провинциялар бөлүнөт. Металлогения өз ичинен төмөнкүдөй тармактардан турат: жалпы (теориялык негиздерди жана кен байлыктардын жалпы таралуу закондуулуктарын изилдейт); аймактык (ири аймактардагы кен байлыктардын таралышын изилдейт); атайы (өз ара байланышта болгон бир нече металлдардын тобун изилдейт). Эндогендик кендердин таралыш закондорун изилдесе, эндогендик металлогения деп, ал эми экзогендик кендердин тобун изилдесе, экзогендик металлогения деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]