Металлогениялык доорлор

Википедия дан

Металлогениялык доорлор – жер кыртышынын геологиялык өнүгүү этаптарында пайда болгон кен байлыктардын таралуу мезгилдери. Архей металлогениялык доорунда өтө метаморфизмделген темирлүү кварциттер, карапалык пегматит кендери пайда болгон. Протерозой металлогениялык доорунда жеспилиттер (метаморфизмделген темир кен таштары), курамында уран, алтын кездешкен конгломераттар, жездүү кумдуктар, хром, титан, жез, никель кендери кеңири тараган. Рифей металлогениялык доорунда темир менен сланецтердин метаморфоген кендери, жез-никель кен ташынан турган сульфиддердин магмалык кендери орун алган. Каледон металлогениялык доорунда темир, титан, хром, платинанын магмалык кендери келип чыккан. Алтындын гидротермдүү кендери кездешкен. Герцин металлогениялык доору башкалардан кен байлыктардын ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Темир менен жездин скарндары, вольфрам, литий, бериллий, калайдын пегматиттери менен грейзендери, жез, коргошун, молибдендин гидротермдүү кендери, темир, титан, хромдун магмадан пайда болгон кендери учурайт. Альп металлогениялык доорунда полиметаллдар, кымбат баалуу түстүү металлдар сыяктуу вулкандык-гидротермдик кендер пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]