Металлография

Википедия дан

Металлография (металлдар жана ...графия) – металлдардын жана металл куймаларынын түзүлүшү (структурасы) жөнүндөгү илим. Металлография металлдын ички түзүлүш законун, тартибин жана структурасынын өзгөрүшүнө жараша металлдын механикалык, электрлик, магниттик, жылуулук ж. б. касиеттеринин өзгөрүшүн изилдейт. Металлографиянын негизги методдору: макрожана микроструктуралык анализ, рентген структуралык анализ. Бул анализдерди жүргүзүүдө колдонулуучу негизги куралдар: оптикалык, электрондук микроскоптор жана рентген аппараты. Металлография металлдардын механикалык, физикалык жана химиялык касиеттерин жогорулата турган түзүлүшүн, аларды механикалык жана термиялык ж. б. иштетүү технологиясынын натыйжалуу жолдорун табууга мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]