Металл акча теориясы

Википедия дан

Металл акча теориясы - экономикалык теория; мында толук балуу металл акча ул. байлык катары каралат. Капиталдын алгачкы жыйымы доорунда өнүккөн.

Металл акча теориясын жактоочулар (Улуу Британияда - Т. Мен, Д. Hope, Францияда - А. Монкретьен) жаңылыш түрдө акча менен товарды, акча жүгүртүү менен товар алмашууну бирдей карашкан. Металл акча теориясынын кээ бир өкүлдөрү (мис., К.Книс) ички акча жүгүртүүдө толук баалуу металл акчаны кагаз акчага алмаштыруу мүмкүндүгүн танышкан. Металл акча теориясын жактоочулардын негиздик жаңылыштыгы - алтын белгилүү тарыхый экономикалык мамилелер системасында жалпы эквивалент болорун түшүнбөгөндүгүндө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9