Металл коррозиясы

Википедия дан

Металлдын турлору

– чөйрөнүн химиялык жана электр-химиялык таасиринин натыйжасында металлдардын бузулушу. Коррозия учурунда чөйрөнүн бир же бир нече компоненттери калыбына келип, металл же материалдын металлдык компоненттери кычкылданат. Эгерде чөйрө өткөрүмдүүлүккө ээ болсо, анда реакция электр-химия (окистенүү – аноддук процесс, калыбына келүү – катоддук процесс) болот, анын ылдамдыгы электр-химиялык кинетиканын закон ченемдүүлүктөрүнө баш иет. Металлдын бетинин ар түрдүү бөлүктөрүнүн коррозиясы чөйрөгө жараша, металлдын бетинин химиялык же физикалык бир тектүү эместигинин натыйжасында бирдей болбойт. Эгерде пассивдүү металлга активдештирүүчүлөрдү (мисалы, Сl иону) таасир этсе, анда питтинг коррозиясы пайда болот. Куймалардагы кристалл аралык бөлүнүү менен байланышкан кристалл аралык коррозия өтө коркунучтуу, анткени ал металлдардын ширетип бириктирилген жерлерин бузат. Агрессиячыл чөйрөнүн мүнөзүнө жараша металл коррозиясы атмосфера сырткы беттик, химиялык, электр-химиялык, ички кристаллдык ж. б. болуп бөлүнөт. Химиялык коррозия металл менен агрессиячыл чөйрөнүн өз ара аракетинен болот. Мындай чөйрөгө аба, кычкылтек, нефть, керосин ж. б. заттар кирет. Абадагы кычкылтектин жана суунун таасиринен металл буюмдарынын сырткы бетине металл окистеринен турган дат пайда болот. Абадагы азот окиси, күкүрт, хлордуу суутек ж. б. газ аралашмалары бар өнөр жайлуу шаарларда атмосфера коррозия күчөйт. Коррозияга чалдыккан металлдын катуулугу, ийкемдүүлүгү ж. б. баалуу сапаттары төмөндөп, жараксыз болуп калат. Электролиттердин (туз, кислота жана негиз эритмелери) металлдарга тийгизген таасири электр-химиялык коррозия болот. Электролиттердин эритмесинде металл менен эритменин ортосунда өз-ара тең салмактуу реакция жүрөт. Эгерде эритмедеги металл иону менен чөйрөнүн өз ара аракетинен пайда болгон бирикме эригич болсо, металлдын бузулушу андан ары уланат, эрибей турган зат пайда болсо, үстүнкү бети жука кабыкча менен капталып, металлды андан ары бузулушу азаят же такыр токтойт. Мисалы, алюминий жука кабыкча менен капталгандыктан, атмосфера коррозияга туруктуу болуп калат. Металл коррозиясынан жылына металл запасынын 1,5–2%и бузулат. Металл коррозиясына каршы негизги чаралар: агрессиялуу чөйрөдө иштөөчү жабдуу, машина материалдарын туура тандап алуу, металл куймаларынын жана агрессиячыл чөйрөнүн курамында атайын коррозияны азайтуучу заттарды кошуу, металл беттерин атайын сыр, лак менен сырдоо ж. б. чараларды жүргүзүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]