Металогика

Википедия дан

Металогика (грекче: meta – кийин, андан кийин жана logos – сөз, түшүнүк, талкуулоо) – азыркы учурдагы формалдуу логиканын системаларын жана түшүнүктөрүн изилдөөчү теория (Метатеория). Далилдөөлөр теориясы, түшүнүктөрдүн аныкталуучулугу, формалдаштырылган тилдердеги чындыктар, интерпретация, маани жана башка маселелерин изилдейт.

Металогика эки бөлүмгө: логикалык синтаксис жана логикалык семантикага ажырайт. Менены өнүктүрүү формалдаштырылган тилдердин касиеттерин түзүү жана изилдөө менен байланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8