Метанефридиялар

Википедия дан

Метанефридиялар (мета... жана грекче Nephrjs – бөйрөк) – омурткасыз жаныбарлардын, көбүнчө муунак курттардын бөлүп чыгаруучу жуп органдары. Метанфридиялар – бир учу (түктүү куйгуч же нефростом) алдынкы сегменттеги дененин экинчилик көңдөйүнө (целомго), экинчи учу (бөлүп чыгаруу тешикчеси түрүндө) сыртка ачылуучу түтүк сымал каналдар. Нефридия каналы (түтүгү) узун жана илмек түрүндө ийри-буйру болушу мүмкүн. Нефростом аркылуу метанфридиялар жылчыгына целом суюктугу – алгачкы сийдик метанфридиялар түкчөлөрүнүн жардамы менен түшөт. Түтүктө органикалык заттардын жана туздардын сийдиктен реабсорбцияланышы (сиңирилиши) жүрөт. Натыйжада табарсыкта жыйналган гипоосмостук сийдик пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]