Мета-, орто-, пара-
Көрүнүш
Мета-, орто-, пара- (кыскача м-, о-, п-, гр. metа — кийин, арасында; orthos — түз, жанында, ara — каршысында) — химияда бензол шакекчесиндеги эки суутек атому орун алмашкан атомдор же атомдор топторунун өз ара жайгашуусун көрсөтүү. М. бирикмеде орун алмашкан атомдор же атомдор топтору -1,3-, орто бирикмеде -1,2-, пара бирикмеде 1,4- абалда жайгашат. Мисалы,
м-динитро- о-динитро- п-динитро-
бензол бензол бензол
Орг. эмес хим-да («орто» жана «мета») к-таларды суунун санына карата айырмалоодо колдонулат, мисалы, НРО3 — метафосфор к-тасы, Н3РО4 — ортофосфор к-тасы.
-H2O
Н3РО4 → НРО3
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6