Метеорограф

Википедия дан

Метеорограф (грекче mettōra – атмосфера кубулуш жана …граф) – атмосферанын температурасын, басымын, нымдуулугун, кээде аба агымдарынын ылдамдыгы автоматтык түрдө каттап туруучу прибор. Термограф, барограф, гигрограф, анемографтан турган түзүлүш. Өлчөнгөн кубулуштар саат механизми орнотулган барабандагы тасмага синхрондуу жазылат. Шар-зонд, аэростат, самолёт, ракетага орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]