Метиленхлорид

Википедия дан

Метиленхлорид (дихлорметан, хлордуу метилен), СН2Сl2, – хлороформ жыттанган түссүз суюктук, балкып эрүү t 96,7оС, кайноо t 40,1оС ; d 420 1,336, nD20 1,4244; сууда эригичтиги 2 %, органикалык  эриткичтер менен аралашат ; от алуу температурасы 14оС, өз алдынча тутануу t 556оС. Метан, метилхлоридди хлорлоо менен алынат. Ацетаттык целлюлозанын эриткичи (негизинен сүрөт, кинопленкаларды иштетүүдө, ацетаттык буюмдарды өндүрүүдө), муздаткычтар муздатуучу зат (“хладон-30”) катары колдонулат. Дем алуу жолдорун, көздүн чел кабыгын, терини дүүлүктүрүүчү касиетке жана начар наркотикалык таасири бар зат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]