Методология (лингвистика)

Википедия дан

Методология (лингвистика) (грек, method жана logos, logos – сөз, окуу, үйрөнүү) - бардык эле методдор же бир илимдеги изилдөө иштеринин методдору жөнүндөгү окуу.

Методология тил илиминде тил таануунун, тилди изилдөөнүн принциптери, аспектилери, ыкмалары, тил илиминин объектисине кандайча мамиле жасоонун жолу, билимди илимий жактан түптөөнүн ыкмасы, лингвистикалык изилдөөнүн мүнөзү жанa жалпы багытын аныктайт.

Методология үч деңгээлге ажыраган негиздерди өз ичине камтыйт:

  • 1) жалпы философиялык Методология изилдөө принциптерин, багыттарын материалисттик диалектиканын принциптеринин жана мыйзамдарынын негизинде аныктап жүргүзүү;
  • 2) жалпы илимий Методология бир нече илимдерде колдонулуучу методдор, принциптер камтылган ыкмаларды колдонуу;
  • 3) жекече Методология бир гана илимде (мис., тил илиминде) колдонулат.

Методология лингвистикалык теориялар менен тыгыз байланышта болуп, илимий изилдөө иштеринин жетишкендиктерин шарттайт. Тигил же бул маселени изилдөөдө кандай иликтөө ыкмалары кандайча жолдор менен ишке ашарын, багытын аныктайт, принциптерин белгилейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4