Метрика

Википедия дан

Метрика– берилген мейкиндиктеги көптүктөгү эки чекиттин элементтеринин ортосундагы аралыкты же системада бурчтун ченин аныктоочу ыкма же математикалык термин. Дифференциалдык геометрияда метрика дифференциалдык квадраттык форманын жардамы менен жаа элементинин узундугу аркылуу киргизилет. Сызыктуу вектордо жана функционалдык мейкиндикте метрика скалярдык көбөйтүндү катары аралыкты жана бурчту аныктайт. Топологияда х жана у элементтеринин ортосундагы р(х, у) аралыгын киргизүү менен берилген көптүктү метрикалык мейкиндикке өзгөртүп түзүүдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]