Метроэндометрит

Википедия дан

Метроэндометрит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Метроэндометритжатындын булчуң катмары менен былжыр челинин сезгениши.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруну стрептококк, стафилококк, ичеги таякчасы, кээ бир анаэробдуу туберкулёз жана дифтерия таякчалары жана башкалар пайда кылат. Жатында кан айлануунун көпкө бузулушу инфекциянын өөрчүшүнө түрткү берет. Метроэндометрит көбүнчө аборт, төрөт жана этек кир мезгилинде, ошондой эле диагностика жана дарылоо процедураларын жасоодо асептика жана антисептика эрежелерин бузганда жатынга инфекциянын киришинен пайда болот.

Оорунун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору катуу кармаганда организмдин жалпы реакциясы менен коштолуп, дене ысып, алы кетет, ичтин төмөн жагы ооруп, оору куймулчакка өтөт. Жатынды басып көргөндө жумшак, көлөмү чоң болуп, ооруйт, жатын моюнчасынан ириңдүү ак суюктук көп бөлүнөт. Өнөкөт метроэндометритте ириңдүү суюктук бөлүнүп, этек кир цикли бузулат. Жатын чоңоёт, басып көргөндө катуу болуп, бирок оорубайт.

Белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Метроэндометрит төрөттөн 3 — 4 күн өткөндөн кийин байкалат: дене ысып (38,5 — 39,5°), чыйрыгат, тамыры тез-тез кагат. Алы кетип, башы ооруйт, уйкусу качат, тамакка табити тартпайт. Оору 8 —10 күнгө созулат, эгерде 10 күндөн ашып кетсе инфекция жатындын ички бетине тарап, кабылдоосу да мүмкүн. Сезгенүү процесси жанаша органдарга тарайт, кош бойлуу убакта баланын орду сыйрылып, бойдон түшүп калышы мүмкүн. Бул белгилер байкалары менен тезинен врачка кайрылып, анын көрсөтмөсүн так аткаруу зарыл.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул ооруну алдын алууда аборттон жана төрөттөн кийин, кош бойлуу убакта өздүк гигиенаны. туура сактоо максатка ылайык.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8