Механизм

Википедия дан

Механизм (грекче mechanē – машина) – бир же бир нече нерсенин кыймылын башка нерсенин керектүү кыймылына өзгөртүүчү система. Мехаизм структура-констр-лык белгилери боюнча шарнирдүү (рычагдуу), муштумчалуу, тиштүү, шыналуу, бурамалуу, фрикциялуу, гидравликалык жана электр түзүлүштөгү ж. б. болуп айырмаланат. Механизм чекиттеринин траекториясы бир же параллель тегиздиктерде болсо, ал тегиздик механизм (кривошип-жылгычтуу, муштумчалуу, планеталуу, шынаалуу ж. б.), ал эми калгандары мейкиндик (бурамалуу, червяктуу ж. б.) Механизмдерине кирет. Механизм бир же бир нече эркин даражага ээ. Бир эркин даражалуу механизм кеңири белгилүү. Кыймылдаткыч, кыймыл бергич, кыймыл аткаргыч механизмдин жыйнагы машинаны түзөт. Кээ бир машина бир эле механизмден турат. Механизмди изилдөө менен долбоорлоо методу – машина жана механизмдер теориясынын бир бөлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]