Меценат

Википедия дан

Меценат (Августин доорундагы бай рим патрицийи Маесенастын атынан) – таптык коомдун шарттарында көркөм турмуш жагындагы ар кандай башталыштарга же көркөм  искусствонун кээ бир өкүлдөрүнө материалдык жардам жана колдоо көрсөткөн жеке адам. Кээ бир учурда М. алдыңкы, прогрессивдүү көрүнүштөрдөн болгон, анын ачык-айкын үлгүсү катары мамлекеттик Третьяков галереясынын – көрүнүктүү орус көркөм искусство музейинин негиз салуучусу П. М. Третьяковдун ишмердиги кызмат кылат. В. И. Лениндин айтуусу боюнча М-тык, эреже катары, сүрөтчүнү «акча кабына», «мазмунга», «сатылууга» көз каранды кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]