Мешков Николай Иосифович

Википедия дан

Мешков Николай Иосифович (1930-жылы туулган, РСФСР, Воронеж областы, Воробьев району, Никольский айылы ) – Социалисттик Эмгеги Баатыры (1988). Воронеж айыл чарба институтун бүтүргөн (1955). 1955-жылдан Ош (азыркы Жалал-Абад) областынын Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районундагы Караван МТСинде башкы инженер, Караван РТСинин директору, «Кыргыз айыл чарба техникасынын» Караван бөлүмүнүн башкаруучусу, 1962-жылдан ошол эле райондогу «Кызыл-Жар» совхозунда директор болуп иштеген. Ал жетектеген чарба дан эгиндери менен тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мамлекетке сатуу ж. б. боюнча планды ашык орундатып, ар уйдан 3580 кгдан сүт саалган, ар бир койдон 110дон козу алынган. Чарбанын рентабелдүүлүгү арткан. 1967жылдан Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]