Меңдубана

Википедия дан
Hyoscyamus niger.

Меңдубана (лат. Hyoscyamus, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумундагы уруусу. Бир, эки жана көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийиктиги 20–115 см. Жер үстүндөгү бардык органдары жумшак, жабышкак түктүү. Жалбырак жээги тегиз же тилкелүү. Негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү сапсыз, жалгыздан, бурулча топ гүлгө чогулган, түсү киргил сары, күңүрт кызыл тарамыштуу. Мөмөсү – кутуча.

Меңдубананын 20га жакын түрү Канар аралынан Индияга чейин таралган. Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Негизинен түздүктө, таштанды, турак-жай арасында, жол боюнда, аңызда, айдоодо өсөт. Маңызы медицинада сырткы оорууну басаңдатуу үчүн колдонулат. Өсүмдүктүн бардык органында гиоциамин, гиоцин, атропин ж. б. алколоиддер болгондуктан, өтө уулуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]