Мидиялыктар

Википедия дан

Мидиялыктар مادها[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мидияндар[1] (айрым учурда: мидиялыктар) — байыркы эл, Алдын ала маалыматтарга ылайык, азыркы Ирандын түндүк-батышынан жана Түркиянын түштүк-чыгышынан орун алган Мидия облусунда отурукташкан иран тектүү эл болуп саналат. Алар сүйлөгөн тил батыш-иран тилдеринин тобуна таандык. Алардын бул аймакка келүү себебин биздин эрага чейинки 2-миң жылдыктын аягы менен 1-миң жылдыктын башталышындагы ирандык арийлеринин урууларынын биринчи толкундагы көчмөнү менен байланыштырышат. Бул мезгил негизги аймактык державалар – Ассирия, Элама жана Вавилониянын кыйрашына туш келген. Биздин эрага чейинки VII жана X кылымдардын ортосунда мидиялыктар менен перстер Жаңы ассирия падышачылыгынын түндүк Месопатомияда жайгашкан бийлигинин астында болушкан. Ассириялык падыша Син-шар-ишкундун (биздин заманга чейинки 612-613-жылдар) бийлиги алсырай баштап, мидиялыктар салык төлөөдөн баш тартышкан. Андан соң перстер жана башка эл менен бириккен мидиялыктар биздин эрага чейинки 612-жылы Ниневияны басып алган. Өз кезегинде бул жеңиш 605-жылы түптөлгөн Новоассирия падышачылыгынын кыйроосуна алып келген. Натыйжада борбору Экбатанда жайгашкан жана Байыркы Ыраакы Чыгыштагы негизги саясый борборлор катары саналган Вавилония, Лидия жана Египет менен теңтайлашкан Мидия падышачылыгы пайда болгон. Экбатандан тышкары мидиялыктардын ири шаарлары болуп Лаодикея, Рага жана Апамея саналган. Геродоттун “Тарыххына” ылайык, мидиялыктар 6 урууга – бустар, паратекендер, струхаттар, аризанттар, будия жана магдарга бөлүнгөн. Биздин эрага чейинки 553-жылы Мидия Кир Великий тарабынан басып алынган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мидя уруусу тарыхта биздин эрага чейинки IX кылымдын башынан тартып алар Орто Азиядан ( башка божомолдор боюнча Каспий деңизинин айланасындагы Түндүк Кавказдан) Иранга көчкөндөн тартып белгилүү боло баштаган. Кийинки кылымдарда мидиялыктар акырындык менен арий эмес гутиев, лулубеев жана касситтер сыяктуу байыркы мезгилдерден тартып Ирандын аймагын байырлаган урууларды өздөрүнө ассимиляциялай баштаган. Биздин эрага чейинки IX кылымдын аягында — VIII кылымдын башында Мидия ассириялыктар тарабынан басылып алынган, бирок биздин эрага чейинки 673-жылы Каштарити башкарган мидиялыктар көтөрүлүшүкө чыгышып, эгемендүүлүгүнө ээ болгон. Мындан көп өтпөй Мидияны негиздөөчүсү судья Дайукку болгон жергиликтүү бийлик башкара баштаган. Анын уулу Фраорт Персияны басып алган, ал эми небереси Увахшатрдын (грекче Киаксар) тушунда мидиялыктар вавилониялыктар менен биргеликте эбегейсиз Ассирия державасын колго алган. Андыктан Мидияга Түндүк Месопотамия өткөн; андан соң Увахштра Урартуну багындырып, чыгыш Кичи Азиянын майда падышачылыктарына кол салат; узак согуштан кийин ал Лидия менен Галис (Кызыл-Ырмак) дарыясынын боюндагы Анатолияны ийгиликтүү бөлүп алат. Ошентип Увахшатранын падышачылыгынын соңунда мидиялыктар эбегейсиз бийликке ээ болуп, бүтүндөй азыркы Иранды, Армяндардын нагорьесин, Түндүк Месапотамияны жана чыгыштан Кичи Азияны башкарып турган. Мидиянын борбору болуп Экбатана[3] шаары (азыркы Хамадан) эсептелген. Мидиялыктардын падышасы «Падышалардын падышасы» титулуна ээ болгон, бул ааламдык эмес кудуретти чагылдырып турган (кийинчерээк ушундай аныктама беришкен), ал эми иш жүзүндө кол астындагы “теңдеш падышалардын биринчиси” болгондугу чындык. Увахшатранын уулу Иштувегу (грекче. Астиаг) падышалык бийликти чыңдоого аракет кылып, каршылаштары тарабынан нааразычылыкты жараткан. Биздин эрага чейинки 550-жылдары Мидия перс падышасы Кир II тарабынан уламыштарга ылайык, нааразы болгон Иштувег вельмождорунун жигердүү жардамы менен басып алынган. Перстер мидиялыктарга тууган болушкан; Кир өзү энеси тарабынан өздөрүнүн падышалык уруусуна таандык болгон (ал Иштувегунун небереси болгон), ал эми жоокер вельмождор перстердин жеңишин хансарайдагы төңкөрүш катары эсептешкен. Бирок алардын үмүтү орундалган эмес: бир муундун аралыгында мидиялыктар баардык маанилүү кызматтардан четтетилип, Ахемениддердин дүйнөлүк державасында экинчи катардагы гана кызматтарды ээлей алышкан, ал эми Мидия өзү катардагы мамлекетке айланып, перстерге башка басып алынган элдердин катарында салык төлөп турган. Анткен менен Экбатана перс падышачылыгынын (кийин парфяндык) борборлорунун бири катары эсептелип, жайдын мээ кайнаткан ысыгында эс алып турушкан. Александр Македонский өлгөндөн кийин Мидиянын акыркы башкаруучусу Атурпатак (Атропат) өзүнүн мурдагы өлкөсүнүн түндүгүнүн, Урмия көлүнүн аймагынын падышасы деп жарыялаган жана ошону менен катар “Кичи Мидия” же “Атропатендин Мидиясы”, жөнөкөй аталышы “Атропатен” мамлекетин негиздеген. «Атропатен» сөзүнөн кийин «Азербайжан» топоними келип чыккан.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Археологиялык иликтөөлөр жана кат түрүндөгү булактар мидияндардын мамлекетинин тарыхы менен маданияты тууралуу көп деле маалымат бербейт. Мидия тилиндеги булактардын супсактыгына байланыштуу алардын тили дээрлик белгисиз. Мидиялыктар перстерге тили боюнча да, дини боюнча да, каада-салты боюнча да өтө жакын болушкан. Алар узун чач жана сакал өстүрүп жүрүшкөн; перстер жана баардык ирандыктар сыяктуу штан, кыска өтүк кийишип, белине – акинак (узун канжар жана кыска найзанын ортосундагы курал) тагынып жүрүү эркин эркектин өзгөчөлөнгөн белгиси болгон. Перстерден айырмаланып, алар кууш куртка кийбестен, жеңи узун, кең чапан кийишкен (аны гректер аялдардын кийими катары санашкан); перстерден алар баш кийиминин өзгөчө көрүнүшү да айырмалап турган. Страбон мидялыктар жеңи узун чапанындай эле жүндөн токулган шапканы кийишкен. Мидиялыктардын жөө аскерлери соот жана тери менен курчалган калкан менен куралданышкан. Бирок жөө жүрүп да салгылаша берген перстерден айырмаланып, мидиялыктар өздөрүнүн атчан согушкандыгына сыймыктанышкан. Мидиялыктардын падышасы жоокерлердин ортосунда перстерден үйрөнгөн салт боюнча ассириялык арабада туруп алып салгылашкан. Баардык эле ирандык элдер сыяктуу мидиялыктар атчанды да, атты да коргогон пластикалык соотту колдонушкан.

Дини[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мидиялыктар кабыл алган дин зороастризмден мурдагы байыркы арий дининин бир формасы болуп саналган. Ахемениддер доорунда перстерге караганда мидиялыктардын арасында сыягы, Иштувегдун тушундагы мамлекеттик дин катары саналган таза зороастризм өнүккөн. Зороастриялык дин кызматкери мобеддин аталышы алгач бул түшүнүк тараган Мидиянын урууларынын бири менен байланышкан. Мидияда АрдвисураАнахита Кудайына сыйынуу жөрөлгөсү таралган. Мидиянын башкы шаары Экбатанеда Анахита Кудайынын (грек авторлорунун айтуусунда – Анаитис) храмы болгон. Биздин эрага чейинки I кылымда жашап ткн Рим тарыхчысы Страбон биздин эрага чейинки V кылымдагы байыркы грек тарыхчысы Геродотка таянып, ритуалдык проституциянын жөрөлгөлөрүн эске салат жана мидиялык аялдар АрдвисураАнахиттин храмында кызмат кылып, “терс жолго барышат” дейт. Ошол эле учурда алар өздөрүнүн ойношторуна жылуу мамиле жасашып, бир гана меймандостук мамиле жасабастан, белектерди алмашышат, бирок көпчүлүк учурда алганынан көбүрөөк беришет. Себеби алар бай үй-бүлөлөрдөн чыгышкандыктан, мындай белек тартуулоого мүмкүнчүлүгү бар. Болгондо да алар ойнош катары бөтөн жердиктердин алгачкы эле жолуккандарын кабыл ала бербестен, өзүнүн талабына жооп бергендерди гана тандап алышат.

Урпактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Совраматтардын пайда болуусу тууралуу Диодор Сицилийский (биздин эрага чейинки I кылым) маалымдаган: скиф падышалары тарабынан Азиянын алды жагына жортуул баштоонун натыйжасында көптөгөн уруулар көчүп келишкен, «…ал эми өтө маанилүүсү экөө болгон: бирөөсү Ассириия …башкасы Танаис дарыясынын жээгинде негизделген Мидиия; бул көчмөндөр савроматтар деп аталышкан. Мындай мазмундагы маалымат Улуу Плинийде да (биздин эрага чейинки I кылым) бар: «Деңизге эки куймадан агып түшкөн жердин айланасында уламыштар боюнча мидиялыктардын урпагы болуп саналган жана бир нече топко бөлүнгөн сарматтар жашашат. Биринчи энесине таандык савроматтар жашашат. Булар амазонка аялдары менен никеден тарагандыктан, ушундай аталып калышкан. Мидиялыктардын башка урпактары болуп азыркы иран тилдүү күрттөр саналышат.

Мидия тили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Башкы макала: Мидия тили

Мидия тили тууралуу маселе талаштуу болуп саналат. Айрым окумуштуулар (мисалы, И. М. Дьяконов. Мидиянын тарыхы, М.-Л., 1956) бирдиктүү мидия тили болгондугун кабыл алышат; башкалары болсо (мисалы, О. Л. Вильчевский. Күрттөр, М., 1961) муну жокко чыгарып, мидиялыктар бир нече диалекттерде сүйлөшүп, перс диалектиси менен катар бирдиктүү байыркы иран тилин түзүшкөн деп эсептейт. Анын бул божомолу мидиялыктардын урпактары сүйлөгөн деп эсептелген тилдер (түндүк-батыш арий тилдери: күрт, талыш, тат, тати жана башкалар) жетиштүү түрдө бир уруудан тарагандыгын далилдей албай тургандыгы менен далилденет. Анткен менен Мидиядагы жалпы тил Экбатан округундагы диалект болгон деп айтуу туура чыгат (жалпы эреже боюнча, мамлекеттик тил – бул бир аз байкалбаган менен борбордун жана хансарайдын тили). Советтик иранист В. А. Лившиц белуджилердин тили мидия тилинин бир диалектисинин уландысы тууралуу божомолду айткан. Андыктан белуджилер Мидиялыктардын урпактарынын бир уруусу катары эсептелет. Мидиялыктардын жазуусу сөзсүз болгон менен аны далилдей турган эстеликтер табылган эмес. Клин түрүндөгү каттар перстер тарабынан перс тилинде жазылгандыгы эң жакшы далил болуп саналат. Бул өз кезегинде урарт клинописинин перстерге мидиялыктар тарабынан жеткен болуш керек. Мидиялыктардын келип чыгуусу (аталышынын өзгөчөлүгү эле) байыркы перс тилинин, мисалы “сатрап” деген сөздүн социалдык жана мамлекеттик чөйрөдө көп колдонгондугун далилдеп турат.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дьяконов И. М. Мидия тарыхы М.-Л., 1956.
  • Геродот. 1-китеп Книга Клио. 101.
  • Страбон. География
  • Страбон. География. 11:13:9
  • John Murray. Two essays on the geography of ancient Asia: intended partly to illustrate the campaigns of Alexander, and the Anabasis of Xenophon. — London, 1829. — С. 68—69. — 325 с.
  • Polybius, the most striking object at Ecbatana of the Medes was the Temple of Anaia; and Isidore, in later age, describes his Apobatana as being memorable for the capital of Media and for the Temple of Anaitis.
  • Страбон. 17 ктомдон турган география ГЕОГРАФИЯ 1964 г. «Ладомир», 1994.
  • Диодор, II, 43
  • Плиний, VI, 19
  • Windfuhr, Gernot (1975), «Isoglosses: A Sketch on Persians and Parthians, Kurds and Medes», Monumentum H.S. Nyberg II (Acta Iranica-5), Leiden: 457—471

Ададият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дьяконов И. М. История Мидии. М.-Л., 1956.
  • Young, T. Cuyler (1997), «Medes», in Meyers, Eric M., The Oxford encyclopedia of archaeology in the Near East 3, Oxford University Press, pp. 448—450, ISBN 978-0-19-511217-7
  • Young, T. Cuyler, Jr. (1988), «The early history of the Medes and the Persians and the Achaemenid empire to the death of Cambyses», in Boardman, John; Hammond, N. G. L.; Lewis, D. M.; Ostwald, M., The Cambridge Ancient History 4, Cambridge University Press, pp. 1-52

Тарых