Микалоюс Константинас Чюрлёнис

Википедия дан

Чюрленис, Микалоюс Константинас (Николай Константинович) (1875, Константино Варена, Литва ССРи – 1911, Пустельник Мински, Польша) – литва композитору жана сүрөтчүсү. Варшава музыкалык институтунда (1894–99), Лейпциг консерваториясында (1901–02), Варшава көркөм окуу жайында (1904–06) окуган. Ал – музыка секциялуу Литва көркөм сүрөт коомун уюштуруучулардын бири, элдик хордун туңгуч жетекчиси. “Токой” (1900), “Деңиз” (1907) аттуу кылдуу квартет үчүн симфониялык поэмалар, 2 сонет, фортепиано үчүн 200 пьеса жазган. Живописте Ч. ошол кездеги символизм агымынын принциптерине таянган (“Жаз”, “Жай”, “Кыш”, “Райград үчилтиги”, “Күн сонатасы” – баары 1907).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]